КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын окутуу башталды. Окутуу 2026-жылдын 30-мартынан 10-апрелине чейин уланат.
Эки жуманын аралыгында оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча далилдерди баалоо, сотко чейинки өндүрүштөгү соттук контроль, соттук териштирүүнүн жалпы шарттары жана кылмыш-жаза иштери боюнча соттук процессти алып баруунун практикалык көндүмдөрү жана кылмыш-жаза иштерин кароого байланыштуу башка темалар каралат.
Андан сырткары, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормалары, адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана аларды Кыргыз Республикасынын сот чечимдеринде имплементациялоо, КРнын коррупцияга каршы саясаты жана сот тутумундагы коррупциянын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндө темалар да окутулат.
Лекторлор КР Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары болот.
Окутуу окуу материалдары жана практикалык көндүмдөр менен коштолуп, окутуунун аягында катышуучулар тест тапшырышып, анын жыйынтыгы менен аларга күбөлүктөр тапшырылат.








