КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мекебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк окутуу өткөрдү.
Биринчи күнү «Салык жана бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу административдик органдардын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу жөнүндө иштерди соттор тарабынан кароо практикасы» темасы каралып, анда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азамат Алыбаев, жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти, Аудит-плюс компаниясынын директору, «Бакай Банк» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, аудит боюнча комитетинин төрагасы Гульнара Ускенбаева жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы Саламат Журсунбеков лектор болушту.
Статистикалык маалыматтарды талдоодо көрсөткөндөй, салык талаштары сот иштеринин эң көп жана татаал категорияларынын бири болуп саналат. Эреже катары, аларды карап чыгуу материалдык укуктун ар кандай тармактарында (салык, каржы, жарандык, ишкердик, эмгек, үй-бүлө, эл аралык жеке, бажы жана башка) терең билимди гана эмес, процесстик ченемдерди жана жол-жоболорду туура колдонуунун практикалык көндүмдөрүн талап кылат.
Ага байланыштуу катышуучулар бир күн аралыгында, соттор тарабынан каралып жаткан салык талаш-тартыштарынын түрлөрүн талкуулашты, салык талаш-тартыштарынын караштуулугу жана сотко караштуулугу, салык жана бажы талаш-тартыштарына ведомстволук байланыштуу административдик иштер боюнча чечимдерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү, далилдерди баалоо, талаш-тартышты кароодо колдонула турган мыйзамды аныктоо, ошондой эле бул тема боюнча бир катар башка актуалдуу маселелер каралды.
Экинчи күн «Ишти активдүү башкаруу (Time менеджмент)», «Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын туура эместигин аныктоо жөнүндө иштерди соттордун кароосу» темасы каралды. Лекторлор, Бишкек шаардык сотунун судьясы Бекболот Джаналиев жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Эрмек Садыков болду.
Бул күнү катышуучулар сот иштерин натыйжалуу башкаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Соттордо иштерди натыйжалуу башкаруу бул ишти кароонун натыйжалуулугун жана ылдамдыгын арттырууга багытталган сот өндүрүшүнүн стратегиясы, анын аркасында адам укуктары тармагындагы эл аралык стандарттарга ылайык келген жана сот процессинин катышуучуларынын конкреттүү муктаждыктарына жооп берген сот адилеттигинин жеткиликтүү, натыйжалуу жана отчеттуу механизмдери аркылуу адамдар укуктук коргоонун адилет, тез жана калыс каражаттарын издеп таап, алышат.
Мындай окутуу иш-чараларын өткөрүү судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, сот практикасын өркүндөтүүгө жана иштердин ар кандай категорияларын кароодо мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.








