KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Ар-намысты, кадыр-баркты жана экологиялык адилеттүүлүктү коргоо маселелери боюнча судьялардын квалификациясын жогорулатуу

11 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намыстарын жана абройлорун  сый-урматтоолору керек, ар бир адам өзүнүн ар-намысын жана таза наамын коргоо укугуна ээ. Бул багыттагы укук колдонуу практикасын күчөтүү максатында бүгүн Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк «Ар-намысты жана кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо, моралдык зыянды компенсациялоо» жана аларга экологиялык талаш-тартыштарды чечүүнүн соттон тышкаркы ыкмалары, анын ичинде экологиялык талаш-тартыштарды кароого ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө, экологиялык талаш-тартыштарды кароонун жана чечүүнүн тартиби тууралуу маалымат менен камсыз кылуу максатында. «Экологиялык адилеттүүлүк» темалары боюнча тренинг өткөрүлүүдө.


Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Арстанбаева Дилара Эркиновна, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын Окуу борборунун директору Болтобаева Венера Мурзаевна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Курбанова Чинара Джалиловна болушат.


Окуу учурунда катышуучулар экологиялык талаш-тартыштар темасын карап, анын алкагында мындай талаш-тартыштарды чечүүнүн соттон тышкары тартибин жана айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди кароонун соттук тартибин талкуулашат. Андан соң соттор тарабынан сот ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө талаш-тартыштарды кароонун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле мындай иштерди кароонун процесстик өзгөчөлүктөрү изилденет.


Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.