2024-жылдын 29–30- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында «Жарандык процессте тараптардын атаандаштык принциби» темасында семинар өтүүдө.
Бул семинар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын, прокурорлорунун жана адвокаттарынын жарандык сот өндүрүшү боюнча квалификациясын жогорулатууга багытталган. Иш-чаранын катышуучулары жарандык процессте атаандаштык принцибин колдонуу, анын Кыргыз Республикасынын сот практикасына киргизилиши жана бул принципти камсыз кылууда соттун ролу боюнча негизги аспекттерди карап жатышат. Ошондой эле далилдерди көрсөтүү жана тараптардын өтүнүчтөрүн берүү боюнча практикалык аспекттер каралат.
Семинардын лекторлору – Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Ирина Вадимовна Горшковская, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мадина Акремовна Давлетбаева жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын улук прокурору Руслан Абдырахман.