Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
1991-жылдын 31-августтунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларациянын негизинде жана Конституцияны жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасын көз карандысыз, эгемендүү жана демократиялык мамлекет деп жарыялаган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби сиздерди Мамлекеттик башкы майрамдардын бири — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул күн өлкөбүздүн көз карандысыздыгын жарыялаган учур катары тарыхта түбөлүккө калып, эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекеттин калыптанышындагы жаңы этаптын башталышы болду. Көз карандысыздык-бул эркиндиктин жана өз алдынча башкаруунун символу гана эмес, Кыргызстандын азыркы жана келечеги үчүн да чоң жоопкерчилик.
Бүгүнкү күндө укук үстөмдүктүн, адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун принциптерине таянуу менен биз ар бир жарандын укуктары менен эркиндиктерин сыйлаган күчтүү, укуктук мамлекетти курууну улантып жатабыз.
Бул майрам бардык кыргызстандыктардын жүрөгүн өз мекени үчүн сыймыктанууга, жаркын келечекке болгон ишеним жана биримдикке, тынчтыкка, гүлдөп-өнүгүүгө умтулууга толтурсун! Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, туруктуулук жана көз карандысыз мамлекетибиздин атынан жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!