Бүгүн, 11- июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде «Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишин кесиптик баалоо системасы» темасында практикалык семинар өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү жана Судьялар кеңешинин баалоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты.
Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Маргарита Мельникова, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Чынара Мусабекова жана Чүй облустук сотунун судьясы, Судьялар кеңешинин мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Галина Шин болушту.
Саламашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку метебинин директору Эркинбек Токтомамбетов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Окуунун алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү боюнча комиссиянын иш-аракети жана кесиптик баалоо жүргүзүүнүн шарттары, судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баа берүүнүн критерийлери жана аларды эсептөөнүн методикасына тиешелүү темалары каралды. Ошондой эле, судьялардын квалификациясын жогорулатуу, алардын адеп-ахлактык сапаттары жана кесиптик жүктү көтөрө билүү темалары талкууланды.
Семинардын алкагында катышуучулар кызыккан суроолорун талкуулашып, аларга акыркы жоопторду ала алышты.








