Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев журналисттер жана блогерлер менен өткөргөн жолугушууга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов да катышты
Жолугушууга ошондой эле Жогорку соттун Төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова, Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов да катышты.
Иш чаранын башында Төрага Медербек Сатыев бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары “төртүнчү бийлик” катары коомдук пикирди калыптандырууда өзгөчө ролду ойной тургандыгын белгиледи.
«Сиздер сот тутумунун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууда, ошондой эле коомчулуктун ишенимин бекемдөөдө маанилүү өнөктөшсүздөр. Ошондуктан сиздерди ачык, конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү кызматташууга чакырам» -, деди Төрага.
Иш-чаранын жүрүшүндө жандуу диалог болуп, анын алкагында журналисттер түздөн-түз суроолорун берип, өз сунуштарын киргизе алышты. Негизгинен суроолор учурда ишке ашырылып жаткан сот отурумдарынын түз эфирде өткөрүү практикасы жөнүндө болду.
Мындан тышкары, журналисттердин жана соттордун кесиптик этикасы боюнча маселелер да козголду. Буга байланыштуу журналисттер жана судьялардын катышуусу менен окутуу иш-чараларын биргелешип өткөрүү тууралуу сунуш келип түштү. Анын алкагында сот процесстерин чагылдырууда журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле видеого тартуу шарттарында судьялардын сүйлөө маселелерин кароо пландаштырылууда.
Журналисттер ошондой эле судьялар тарабынан соттук чечимдерди так жана түшүнүктүү жарыялоо эрежелерин сактоо маселелерди көтөрүп, айрым учурларда алар так жана даана окулбай жаткандыгын, ошондой эле кесиптик этиканын ченемдерин сакталбай калып жатканын белгилешти. Буга жооп катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов судьялык этика, ошондой эле чечендик көндүмдөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча семинарлар туруктуу негизде өткөрүлүп жатканын жана мындан ары да улантыларын белгиледи. Ал эми биргелешкен окутуу иш-чараларына байланыштуу директор тиешелүү тренингдерди уюштурууга даяр экендигин айтты.
Мындан сырткары, көптөгөн журналисттер судьялар сот отурумдарын тартууга уруксаат бербеген учурларга көңүл бурушту. Жооп иретинде Төрага мындай өтүнүчтөрдү кароодо судья эки тараптын позициясын эске алышы керек экенин түшүндүрдү. Ошондой эле, ал азыркы учурда сот адилеттигинин ачык айкын болушуна өбөлгө түзүү үчүн сот отурумдары онлайн режимде өтө баштаганын баса белгиледи. Төрага соттук териштирүүдө утулган тарап көп учурда чечимге нааразы болуп, даттана беришээрин кошумчалап, буга байланыштуу сот адилеттиги системасында биринчи, экинчи жана үчүнчү сот инстанциясы бар экенин эске салды.
Иш-чаранын соңунда жолугушуунун катышуучулары сот тутумунун ишмердүүлүгүн чагылдырган жана тыгыз кызматташтык үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын атынан ыраазычылык каттары жана эстелик белектери менен сыйланышты.
Жолугушуу сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзүп, конструктивдүү жана ачык маанайда өттү.








