KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

КР Жогорку сотунун Төрагасы аймактардагы жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмелерге Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору катышты

02 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев өлкөнүн аймактарында өткөргөн жыл жыйнтыгы боюнча кеңешмеге, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов да катышты.


Кеңешмелердин жүрүшүндө Төрага соттук практиканы жалпылоо методикалык сунуштоолорго ылайык жүргүзүлбөгөндүгүн, бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу жана мыйзам ченемдерин бирдей колдонуу боюнча негиздүү сунуштар берилбегендигин сынга калды. Биринчи инстанциядагы соттук актылардын жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү боюнча материалдык жана процессуалдык укук ченемдеринин бузулушунун себептери жана негиздери көрсөтүлбөгөндүгүнө көңүл бурулду.


Жогорку соттун Төрагасы өлкө Президентинин саясаты ачыктык, тартип жана коррупция менен күрөшүү принциптерине негизделгенин жана бул ыкмалар толугу менен сот системасына жайылтыларын баса белгиледи.


Кеңешмелердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев облустук соттордун төрагаларына Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте судьялардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган максаттуу иш-чараларды жана окутуу программаларын уюштурууну тапшырды.


МедербекСатыевошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директоруна ишинин көрсөткүчү төмөн судьялар үчүн кошумча окутуу жүргүзүү жөнүндө маселени кароону сунуштады.


Өз кезегинде Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эрикинбек Токтомамбетов айтылган бардык сунуштар жана сын-пикирлер эске алынып, белгиленген маселелер боюнча бекитилген окуу планынын алкагында тиешелүү окутуу уюштуруларын белгиледи.