КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мусабекова Чынара Абдыбакасовна Казахстан Республикасынын Жогорку Судьялар Кеңешинин Адилеттик академиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык форумга катышып жатат.
Иш чара Түрк тармагында соттук-укуктук даярдоо багытында “Адам укуктарын коргоо жана натыйжалуу сот адилеттиги: улуттук каада-салттар менен эл аралык стандарттардын балансы” деген темада өтүп жатат. Форум Казакстан Республикасынын Түрк тармагына төрагалык кылуунун алкагында өткөрүлүп, анда чет өлкөлүк окумуштуулар, эксперттер, практиктер, ошондой эле Казахстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана судьяларынын өкүлдөрү катышып жатышат.
ЧынараАбдыбакасовна“Кыргыз Республикасында билим алууга жана диний билим алууга жеткиликтүүлүк: укуктук жөнгө салуу, практика көйгөйлөрү жана эл аралык стандарттарга ылайык келүү” темасында баяндама жасады.
Форумдун соңунда катышуучулар негизги маселелерди талкуулап, иш-чаранын жыйынтыктарын чыгарышат. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө Түрк тармагына катышкан өлкөлөрдүн делегацияларына эстелик сувенирлери тапшырылат.








