2024-жылдын 8-9 – ноябрында Москвадагы конституциялык изилдөө борбору жана Орусиянын «Сравнительное конституционное обозрение» журналы Бишкек шаарында «Учурдагы конституциялык өзгөрүүлөр жана конституциялык соттордун ролу» темасында Эл аралык илимий конференция өткөрүштү.
Конференцияда катышуучулар конституциялык реформалар учурунда конституциялык соттордун алдында турган көйгөйлөрдү талкуулашты.
Анда, институционалдык өзгөрүүлөр, улуттук же диний азчылыктарды коргоо, социалдык укуктар, анын ичинде репродуктивдик укуктар, ошондой эле судьялардын көзкарандысыздыгы жана конституциялык соттордогу өкүлчүлүк маселелери тууралуу пикир алмашышты.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отставкадагы судьясы Чынара Мусабекова «КРнын Конституциялык жана Жогорку соту, ошондой эле жергиликтүү соттору кабыл алган чечимдердеги адам укуктарынын эл аралык стандарттары» тууралуу сөз сүйлөдү.
Конференцияга Орусиянын, Борбордук Азия аймагынын жана Европа өлкөлөрүнүн эксперттери катышты.