KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу БААУда (АУЦА) конок лекция окуду

16 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовна Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) студенттери үчүн конок лекция өткөрдү.


2, 3 жана 4-курстун студенттери үчүн «Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу» темасынын алкагында эмгек келишимин бузуунун укуктук негиздери, иштен бошотуунун процесстик аспектилери жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерин практикада колдонуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири айтып берди.


Ошондой эле иш берүүчүнүн демилгеси боюнча иштен бошотуу менен байланышкан талашты талдоого көңүл бурулуп, иштен бошотуу кайсы учурда мыйзамдуу жана мыйзамсыз болуп эсептеле турган учурлар талкууланды. Мадина Акремовна учурдагы сот практикасынан мисалдарды келтирип соттор тарабынан түзүлгөн негизги укуктук позициялар жөнүндө кеңири айтып берди.


Лекция жандуу талкуу менен коштолуп, анын жүрүшүндө окутуучу студенттердин эмгек укуктарын коргоо жана эмгек талаш-тартыштарын чечүү механизмдери боюнча көптөгөн суроолоруна жооп берди.