Бүгүн, 2024-жылы 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Административдик иштер боюнча сот отурумун өткөрүүнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу» темасында семинар өтүп жатат.
Семинардагы негизги темалар:
- Административдик иштер боюнча сот отурумдарын өткөрүүнүн тартиби
- Сот процессинин этаптары
- Иштерди негизи (маңызы) боюнча кароо
- Жарыш сөз
- Чечимдерди кабыл алуу жана жарыялоо
Айрыкча практикалык сабактарга басым жасалды. Мындай ыкма судьялардын көндүмдөрүн бекемдеп, келечекте административдик иштерди натыйжалуу жана кесипкөй кароого өбөлгө түзөт.
Семинар суроо-жооп жана жалпы талкуу менен жыйынтыкталып, катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бардык катышуучулар семинарга катышуу сертификаттарына ээ болушту.