2024-жылдын 15-17 – апрелинде «Жаннат резорт» мейманканасында, Чуй району, Кой-Таш айылында укук коргоо органдары жана судьялар үчүн «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо-финансылык иликтөө, кылмыш ишин козгоо жана сотто кароо» темасында тренинг өтүүдө.
Тренингде угуучу катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу – Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна катышууда.
Тренингди БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы уюштурган.