KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын биринчи жолу дайындалган судьялары үчүн комплекстүү программалык окутуу.

27 октября 2025

Бүгүн, 27-октябрда КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи жолу дайындалган КР жергиликтүү сотторунун судьяларын окутуу башталды.


“2023-2026-жылдарга Сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу максатында бекитилген программаларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасынын 2024-жылдын 8-майындагы №1 буйругу, ошондой эле 2025-жылдын Окуу планынын негизинде 27-октябрдан 22-декабрга чейин окутуу өткөрүлөт.


Жалпысынан, окутуу 320 академиялык саатты, 64 теманы камтыйт жана 41 күнүнө созулат. Комплекстүү окуу программасына  жергиликтүү соттордун 22 судьясы катышат. Сот адилеттигинин жогорку мектебинде катышуучуларга бардык зарыл болгон окуу материалдары, ошондой эле практикалык сабактар үчүн сот отурумдарынын окуу залы менен камсыздалат. Лектор катары КР Жогорку соттунун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, ошондой эле “Адилет Сот” мекемесинин өкүлдөрү жана чакырылган лекторлор болушат.


Окуу жарандык, кылмыш жана административдик блокторду, ошондой эле этика-деонтологиялык блокту жана судьялык чеберчиликти өнүктүрүүнү камтыйт.


Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык окууну аяктаган судьялар Конституциялык сотто, Жогорку сотто, апелляциялык инстанциядагы соттордо жана биринчи инстанциядагы соттордо такшалмадан өтүшөт.


Окуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүшүп, анын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүлөт, ошондой эле катышуучуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр тапшырылат.