Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде «Сотторду тандоодо психологиялык аспектилерди эске алуу» темасында семинар өтү жатат.
Семинарга КР Судьялар кеңешинин, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү, КР Судьялар кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баало боюнча комиссиясы жана КР судьялык кызматка талапкерлер үчүн тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышууда.
Окуутуу учурунда катышуучулар судьянын профессиограммасы, судьялардын судьялардын критикалык ой жүгүртүүсү, жеке мүнөздөмөлөрү жана аларды баарлашуу процессинде эске алуу, психотиптер, алардын өзгөчөлүктөрү жана баарлашуу учурунда эске алуу, вербалдык эмес баарлашууда аны эске алуу ошондой эле каражаттары жана баарлашуу жана судьянын кесиптик ишмердүүлүгүндө стресске туруктуулукту калыптандыруу темаларына көңүл бурулат.
Лектор психология илимдеринин кандидаты, Б. Н. Ельцин атындагы КРСУнун доценти Токомбаева Айсулу Тарасовна болот.
Бул семинардын максаты судьялардын кесиптик ишине терс таасирин тийгизген стресстик абалдарды жана стресс-факторлорду, баарлашуу процессинде эмоционалдык абалды башкаруу маселелерин кароо, ошондой эле стресске туруктуулукту өнүктүрүү жана стресстен арылуу ыкмаларын үйрөнүү болуп саналат.
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.








