KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

КР жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери үчүн семинар

05 февраля 2026

Соттордун аппарат кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, сот ишинин сапатын жакшыртуу, ошондой эле коомдун сот системасына болгон ишенимин бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп келет.


Бүгүн, 2026-жылдын 5-6-февралында КР жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери үчүн «Соттордун ишиндеги заманбап санариптик чечимдер жана алардын сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуудагы ролу», «Мамлекеттик кызматкердин этикасы жана имиджи», «Соттук психология. Коммуникативдик көндүмдөр» аталышындагы эки күндүк семинар башталды.


Эки күн аралыгында Ош шаардык сотунун судьясы Сыдыгалиев Бактыбек Арленович, психология илимдеринин кандидаты, Б. Н. Ельцин атындагы КРСУнун доценти Токомбаева Айсулу Тарасовна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Садыков Эрмек Эркович лектор болушат.


Бул окутууну өткөрүү сот аппаратынын кызматкерлеринин практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, соттордун күнүмдүк ишине санариптик технологияларды натыйжалуу колдонууга, ошондой эле укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатууга, кесиптик этиканы жана психологиялык туруктуулукту өнүктүрүүгө, багытталган.


Семинардын аягында катышуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат.