KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот тутумунун аппарат кызматкерлери жана Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн семинар өтүүдө

15 ноября 2024

Бүгүн, 2024-жылы 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык сотунун, жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери жана Юстиция министирлиги менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн семинар өткөрүлүүдө.


Семинар «Мыйзам чыгаруу техникасы жана мыйзам чыгаруу жол-жоболору. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү тартиби» темасында өтүүдө.


Лекторлор:



  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошева

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова


Семинардагы негизги темалар:



  • Жогорку сот тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу

  • Мыйзам чыгаруу түшүнүгү жана этаптары

  • Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү


Иш чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.