KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Милиция кызматкерлери үчүн “Соттуулуктун түшүнүгү жана маңызы” темасында семинар болуп өттү

17 марта 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан КРнын Ички иштер министрлигинде “Соттуулуктун түшүнүгү жана маңызы” темасында семинар уюштурулду.


Семинар милиция кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кайрылуусу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар тууралуу жана республиканын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маселелерге байланыштуу маалымкаттарды берүү иштерин алып барган Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.


Катышуучуларга лектор катары КРнын Жогорку соттун судьясы, юридикалык илимдердин  кандидаты Сыдыков Аскат Шаршекович лекция окуду.


Ошондой эле, семинарга Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары милициянын полковниги, Уметбаева Виктория Абаскановна да катышты.


Семинардын жүрүшүндө Аскат Шаршекович мыйзамдардагы жаңы өзгөртүүлөр жана алардын соттуулук жана соттуулукту жоюу жаатында иштөө учурунда практикалык колдонуунун жол-жоболору жөнүндө кеңири айтып берди.


Андан сырткары, катышуучулар соттуулуктун белгилери жана этаптары, соттуулуктун  соттолгондордон айырмасы, ошондой эле соттуулукту жоюу жөнүндө маселелерди карашты. Өз кезегинде кызматкерлер иш учурунда кездешкен актуалдуу суроолорго жооп алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.


Семинардын соңунда Виктория Абаскановна ыраазчылык билдирип, судья Сыдыков Аскат Шаршековичке жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине ички иштер органдары  менен үзүрлүү иштекендиги жана тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык кат тапшырды .