Бүгүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар башталды.
Семинардын биринчи күнүндө «Кылмыш — жаза процессиндеги медиация. Жашы жете электер катышкан иштерди кароодо медиация механизмдерин киргизүү» темасы каралат. Бул күнү катышуучулар калыбына келтирүүчү медиация, анын укуктук жана социалдык табияты, Кыргыз Республикасындагы калыбына келтирүүчү медиациянын укуктук базасы жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде калыбына келтирүүчү медиациянын ченемдери, чыр-чатак негативдүү социалдык кесепеттердин булагы жана укук бузуулардын контексти катары, анын түрлөрүн талкуулашат.
Лектор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Чинара Курбанова болот.
Экинчи күнү катышуучулар «Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» темасын талкуулашат. Лектор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Гульнара Дуйшенбекова болот.
Анда, «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулган терминдер, Кылмыш иштерин натыйжалуу иликтөө чаралары, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү жөнүндө иштер боюнча соттук териштирүү, далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды (соттук-химиялык экспертиза, соттук-наркологиялык экспертиза) талкуулоо пландаштырылган.
Окутуу практикалык көндүмдөр жана окуу куралдары менен коштолуп, аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.








