KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн кызматтык кылмыштар, кыйноолор, санарип кодекси жана жасалма интеллект маселелери боюнча семинар

19 ноября 2025

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар башталды.


Эки күн аралыгында катышуучулар:


— «Кызматтык кылмыштар боюнча кылмыш-жаза иштеринин соттор тарабынан каралышы»


— «Кыйноодон жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басынткан мамиле жана жазалоо түрлөрүнөн эркин болуу укугу. Кыйноолордун алдын алууда жана аларга каршы күрөшүүдө судьялардын ролу. Кыйноолорду колдонуу менен байланышкан иштерди соттук кароонун өзгөчөлүктөрү»


— «Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси: Сот системасы үчүн негизги принциптер, түзүмү жана мааниси»


— «Сот тутумундагы жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөр жана чакыруулар» темасын карашат.


Лекторлор КР Жогорку сотунун судьялары Атаназаров Нурланбек Алайдинович, Гилязетдинова Инара Ильгизовна жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Исаева Айзада Чолпонкуловна болушат.


Окуунун биринчи күнүндө катышуучулар кызматтык кылмыштар жана алардын түрлөрү жөнүндө жалпы түшүнүк, кызматтык кылмыштардын субъекттеринин мүнөздөмөсү  жана аны жасаган адамдарга жаза дайындоодо судья тарабынан чечилүүчү маселелер ошондой эле кызматтык кылмыштар үчүн кошумча жаза берүүнүн маанилүүлүгү темаларын талкуулашат.


Андан соң, кыйноолорго жана катаал мамилеге тыюу салуунун укуктук негизи  ошондой эле,  кыйноолорду колдонуу менен байланышкан кылмыштар үчүн жазаларды белгилөөнүн эл аралык-укуктук негиздери жана башка ушул сыяктуу темалар каралат.


Экинчи күнү Гилязетдинова И.И. жана Исаева А.Ч. Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси: Сот системасы үчүн негизги принциптер, түзүмү жана мааниси жана сот тутумундагы жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөр жана чакыруулар темасында лектор болушат.


Семинардын соңунда катышуучуларга сертификат тапшырылат.