KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жергиликтүү соттордун судьялары, прокурорлор жана адвокаттар үчүн семинар

16 марта 2026

КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары, прокурорлор жана адвокаттар үчүн “Жарандык процессте тараптардын атаандаштык принциби” деген темада эки күндүк семинар башталды.


Иш-чаранын ачылышында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана Адвокаттарды окутуу борборунун директору Венера Болтобаева катышты.


Атаандаштык  принцибин ишке ашыруу, өзүнүн жыйындысында чындыкты  табуу жана адилеттүү соттук чечимди чыгаруу үчүн максималдуу ылайыктуу шарттарды пайда кылган бир нече процесстик эрежелерди сактоо менен байланыштуу. Ага байланыштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, угуучуларды атаандаштык процесс шартында соттук отурумдарга катышуу эрежелерин, соттук териштирүүгө судьялардын, прокурорлордун жана адвокаттардын катышуусу жана процесстик жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана талдоо, иш боюнча тараптардын тең укуктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн аларга көндүмдөрдү үйрөтүү, иштин жагдайларын  толук жана  объективдүү изилдөө жана ал боюнча мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечим  чыгарууга окутуу иштерин уюштуруп келет.


Окуу учурунда катышуучулар атаандаштык принцибинин негизинде сот адилеттигин ишке ашыруу, жарандык процессте атаандаштык принцибин ишке ашыруу көйгөйлөрү, атаандаштыкты камсыз кылууда соттун ролу, далилдерди, өтүнүчтөрдү берүүсү, анда прокурордун катышуусунун өзгөчөлүктөрү жана жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүндө атаандаштыктын элементи катары өкүлдүн (адвокаттын) ролу, ошондой эле апелляциялык, кассациялык даттанууларды  даярдоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.


Лекторлор Чүй облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Горшковская Ирина Вадимовна, Сот адилеттигин жогорку мектебинин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовна жана Биринчи май районунун прокурорунун улук жардамчысы Токтогулова Бегимай Жолдошевна болушту.


Окутуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары иштеп чыккан окуу куралдары жана практикалык көндүмдөр менен коштолот. Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.