KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Судьялар үчүн семинар: «Айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди кароо практикасы» жана «Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жөнүндө арыздар боюнча иштерди соттордун кароосу»

29 июня 2026

Судьялар үчүн семинар: Айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди кароо практикасы» жана «Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жөнүндө арыздар боюнча иштерди соттордун кароосу»


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергликтүү соттору үчүн эки күндүк семинар башталды.


Биринчи күнү лектор КР Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева жана адвокат, жаратылыш ресурстарын   башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү укуктук маселелер боюнча эксперт Венера Болтобаева болуп,  «Айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди кароо практикасы» темасын өтүшөт.


Окуунун жүрүшүндө катышуучулар лекторлор менен биргеликте айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарга анын ичинде: ченемдик укуктук актыларга, мыйзам алдындагы актыларга, КР Жогорку сотунун Пленумунун токтомдоруна жана эл аралык актыларга сереп салышат. Ошондой эле, экологиялык талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүүнүн тартиби жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар, алардын ыйгарым укуктары, компетенциялары, кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынуучу актылар, айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди соттук кароо темалары талкууланат.


Семинардын алкагында катышуучулар практикалык тапшырмаларды да аткарышат


Экинчи күн  «Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жөнүндө арыздар боюнча иштерди соттордун кароосу» темасына арналып, анда лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Индира Айтбаева болот.


Бул күнү катышуучулар нотариаттын ишин уюштуруунун негиздери, нотариустун укуктук абалы, нотариалдык иш-аракеттердин түрлөрү жана аны жасоонун негизги эрежелери, нотариалдык иш-аракеттерди жасоого же аларды жасоодон баш тартууга арыздарды кароо темалары талкууланат. Ошондой эле, нотариалдык иш-аракеттерге даттанууларды кароонун жалпы шарттары жана нотариалдык иш-аракеттердин айрым түрлөрү темалары да каралат.


Окутуу судьяларда нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жөнүндө арыздар боюнча иштерди кароонун практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле мыйзамдуу жана негиздүү соттук чечимдерди чыгарууда материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин так сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.


Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.