KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаш-тартыштарды кароонун өзгөчөлүктөрү. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу» семинары

14 ноября 2025

Бүтүмдүн жараксыздыгы – бул бүтүмдүн мыйзамдык актылардын формасы жана маңызы боюнча талаптарына ылайыксыздыгы. Жараксыз бүтүмдөрдүн жасалганынын натыйжасында бузулган жарандык укуктарды коргоо үчүн, КР ГК-нин 11-ст., бүтүмдү жараксыз деп табуу жана анын жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу ыкмасы көрсөтүлгөн.


Судьялардын билимин тереңдетүү жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө семинар өткөрүүдө.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Мельникова Маргарита Павловна  «Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаш-тартыштарды кароонун өзгөчөлүктөрү. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу» темасында лектор болот.


Семинардын жүрүшүндө катышуучулар бүтүмдөрдү талашуудан келип чыккан доолордун ар кандай түрлөрүн, талаш жана арзыбаган бүтүмдөрдүн ортосундагы айырманы, бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаш-тартыштарды кароонун жана жараксыздыктын кесепеттерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн карашат.


Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат