KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Менеджмент жана соттордогу башкаруу», «Сот адилеттигин жүргүзүү системасындагы санариптик технологиялар», «Соттук аудит боюнча колдонмо», «Эксперттик комиссияны (ЭК) түзүүнүн жана иштин баалуулугун экспертизалоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби (Архив)», «Кыргыз Республикасынын санарип кодекси: Сот системасы үчүн негизги принциптер, түзүмү жана мааниси» темаларындагы эки күндүк семинар.

03 ноября 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бөлүм башчылары үчүн эки күндүк семинар өтүүдө.


Семинар сотторду башкаруунун заманбап ыкмаларына, сот адилеттигиндеги санариптик технологияларга, соттук аудитти өткөрүүгө жана эксперттик комиссиялардын ишине, ошондой эле КР санариптик кодексинин жоболоруна арналган.


Лекторлор катары:



  • Узакбаев Азамат Насырович – Жалал-Абад облустук сотунун судьясы;

  • Алыбаев Азамат Артельевич – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;

  • Исаева Айзада Чолпонкуловна – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы;

  • Музукеева Эльнура Каныбековна – Чүй облусунун административдик сотунун бөлүмүнүн башчысы.


Семинар сот бөлүм башчыларынын кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана сот тутумундагы башкаруунун заманбап ыкмалары жана санарип куралдары менен таанышууга багытталган. Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.