2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү талкуулашат:
- Конституциялык укук-мамлекеттин укуктук статусун аныктаган укуктун алдыңкы тармагы. Конституционализмдин теориялык негиздери;
- КР Конституциялык сотунун мамлекеттик бийлик органдарынын системасындагы орду жана ролу. КР Конституциялык сотунун укуктук статусу;
- КР Конституциялык Сотунун чечимдери укук булагы катары. КР Конституциялык сотунун чечимдеринин нормативдүүлүгү. Конституциялык соттун чечимдерин укуктун булагы катары кабыл алуу;
- Талашылып жаткан ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоодо конституциялык контролдоо органдарынын мамилелери. Пропорционалдык принциби. КР Конституциялык сотуна судьялардын суроо-талабына коюлуучу жалпы талаптар;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өндүрүшүнө кайрылууларды кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттук коллегиялардын аныктамаларына даттанууларды кароонун өзгөчөлүктөрү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна судьянын (судьялардын, коллегиянын) суроо-талабын даярдоо.
Лектор катары иш алып баруучулар:
Айдарбекова Чинара Аскарбековна — Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;
Мамыров Эркинбек Тобокелович — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.
Семинар судьялардын кесиптик билимин жогорулатууга, сот практикасынын бирдейлигин бекемдөөгө жана укук колдонуу ишин өркүндөтүүгө багытталган.
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.








