KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Судьялар, прокурорлор, пробация кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн пробация жана гендердик кылмыштарды алдын алуу боюнча семинар

19 ноября 2024

2024-жылдын 19–20-ноябрында Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин базасында жергиликтүү соттордун судьялары, прокурорлор, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн эки күндүк семинар өтүп жатат.


Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Айгуль Абдыкеримова сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.


Семинардын негизги темалары:


— Пробация: түшүнүгү, принциптери, максаттары жана милдеттери.


— Пробациянын кардарлары: алардын укуктары, милдеттери, контроль жана көзөмөл.


— Пробациянын түрлөрү.


— Пробацияны колдонуудагы жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү.


— Гендердик кылмыштардын жалпы мүнөздөмөсү.


— Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар: түшүнүгү жана түрлөрү.


— Инсандын руханий-адептик ден соолугуна каршы кылмыштар: түшүнүгү жана түрлөрү.


— Үй-бүлөлүк мамилелердин түзүлүшүнө жана жашы жете элек балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар: түшүнүгү жана түрлөрү.


— Аялдарга жана кыздарга карата жасалган гендердик кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү.


Семинардын лекторлору:


— Данияр Шаршенбекович Астаркулов — Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы.


— Айсулуу Омуровна Емилбекова — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.


— Гульнара Султанбековна Дуйшенбекова — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Семинардын максаты:


Катышуучуларды пробацияны колдонуу маселелерин жөнгө салуучу жаңы жазык-процесстик мыйзамдардын ченемдерин туура колдонууга үйрөтүү. Ошондой эле  угуучуларга аялдардын жана кыздардын жыныстык эркиндигине жана жыныстык кол тийбестигине шек келтирген кылмыштарды кароодо зарыл болгон кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттарды калыптандыруу болуп саналат.


Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.