KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери Түрк Соттук-Билим берүү тармагынын Эл аралык конференциясына катышууда

17 декабря 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери 2024-жылдын 17-18-декабрында Азербайжан Республикасында өтүп жаткан Түрк Соттук – Билим берүү тармагынын Эл аралык конференциясына катышууда.


Конференциянын темасы: «Укуктук мамилелердеги улуттар аралык аспектилер: заманбап чакырыктар жана максаттар».


Конференцияны куттуктоо сөзү менен Азербайжандын Башкы прокурору Камран Алиев, Азербайжандын Юстиция министри Фарид Ахмедов жана Азербайжан Адвокаттар коллегиясынын төрагасы Анар Багиров ачып берди.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин өкүлү Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин бөлүм башчысы Токтоболотова Венера Малабековна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын прокурору Айнура Иманалиева катышты.


Конференцияда окутуучу Гүлнара Дүйшөнбекова «Улуттар аралык кылмыштардын курмандыктары жана аларды жарандык-укуктук коргоо» темасында баяндама жасады. Баяндамада улуттар ортосундагы чек аралык ишмердүүлүктүн натыйжасында пайда болгон кылмыштардын курмандыктарынын укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери козголду. Ошондой эле бул жаатта эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча чаралар сунушталды.


Конференцияга катышуу Түрк мамлекеттеринин сот системасынын өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана учурдун актуалдуу укуктук көйгөйлөрүн чечүүдө тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.