KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери Бакуда Эл аралык конференцияга катышууда

18 декабря 2025

2025-жылдын 18-19 – декабырында Азербайжан Респуликасынын Баку шаарында «Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттерде мамлекеттик бийликти уюштуруунун конституциялык негиздеринин өзгөчөлүктөрү» темасында Эл аралык конференция өтүп жатат.


Саламдашуу сөзү менен конференцияны Азербайжан Республикасынын Юстиция министрлигинин Сот адилеттиги Академиясынын проректору Эльчина Халафова ачты.


Конференцияда Кыргыз Республикасын атынан:


— Садыков Эрмек Эркович, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу;


— Зоотбек кызы Акылай, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы катышышты;


Конференцияда Садыков Эрмек Эркович «2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын өзгөчөлүктөрү» темасында доклад окуду, андан сырткары, Казакстан, Өзбекстан Республикаларынын жана Турция мамлекетинин өкүлдөрү да сөз сүйлөштү.


Иш чара Азербайжан Республикасынын Президентинин Указы менен жарыяланган «Конституция жана Эгемендик жылын» деп жайрыяны белгилөөнүн алкагында уюштурулган.


Азербайжанда «Конституция жана Эгемендик жылын» белгилөөнүн алкагында уюштурулган иш-чара эгемендүүлүктү жана укуктук мамлекетти бекемдөө үчүн конституциялык баалуулуктардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Конференция диалогду тереңдетүүгө жана сот адилеттиги жаатындагы илимий жана практикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.