Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) колдоосу менен Түркия Адилет академиясы уюштуруп жаткан Эл аралык окутуу программасына катышышты.
Түрк Республикасынын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин сот мекемелеринин байланышын бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын, Азербайджан Республикасынын, Казахстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү катышкан иш-чара өткөрүлү жатат.
Кыргыз Республикасынын атынан:
КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Айгуль Абдыкеримова, квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Бермет Жумагулова, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Мадина Давлетбаева жана Улан Сатаров катышышты.
Андан сырткары, аталган окуу программасына Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле соттор, прокурорлор жана Түркиянын Адилет академиясынын президенти Метин Йылдырым катышты.
Окутуупрограммасыныналкагындакатышуучуларжарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактты, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укукту, адилет соттук териштирүүгө болгон укукту (жарандык жана жазык укуктарында), ошондой эле адам укуктары менен байланышкан башка темаларды карашты.
Иш-чаранын максаты адам укуктары жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн сот системаларынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө болду.
Программанын аягында катышуучуларга сертификаттар берилет.








