KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери мамлекеттик органдардын эл аралык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча окуу семинарына катышышты

08 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 8-апрелинде КРнын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясында КР ТИМ караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте мамлекеттик органдар үчүн окуу семинары болуп өттү.


Семинар «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырууга, ошондой эле «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалыматтык системасында билим деңгээлин жана иш көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясы, ошондой эле башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.


Семинарга Сот адилеттигинин жогорку мектебинен:


Токтоболотова Венера Малабековна – Жалпы бөлүмдүн башчысы;


Астапаева Надира Айыповна – Жалпы бөлүмдүн башкы адиси – юрист;


Сейитбеков Урмат Токтогулович – Окуу-методикалык бөлүмдүн башкы адиси;


Акматбекова Жылдыз Аблабековна – Квалификацияны жогорулатуу бөлүмдүн башкы адиси катышып келишти.


Семинар тышкы саясий ишмердүүлүк жаатында тажрыйба алмашуу жана билимдерди кеңейтүү, ошондой эле дипломатиялык чөйрөдө колдонулган санариптик инструменттерди колдонуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.