КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери Зоотбек кызы Акылай, Чоробекова Жыпара жана Маасалиев Ыманбек 5 күн (40 академиялык саат) КР Финансы министрлигинин Финансы академиясында «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» темасында окуудан өтүштү.
Беш күндүн ичинде кызматкерлер КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын окушуп, анын алкагында сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболору жана ыкмалары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча контракттарды түзүү жана даттануу тартибин үйрөнүштү. Окутуунун алкагында алар товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык өзгөчөлүктөрүнө коюлуучу талаптарды, товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата документтерди иштеп чыгууну, рынокту изилдөөнү, пландоону, сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболорун, Мамлекеттик сатып алуулар боюнча контракттарды администрациялоону, ошондой эле банктык коштоону үйрөнүштү.
Мындан тышкары, аларга электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталында иштөө боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. Тренингдин аягында катышуучулар тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, адистиктин I деңгээлиндеги сертификаттарды алышты.