KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору менен жолугушуу өткөрүштү

28 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору, манасчы, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Талантбеков Нурбек менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чара 2025-жылдын 12-августуна Жогорку соттун Төрагасынын буйругу менен бекитилген  «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңугужолу иш планын аткаруу максатынды уюштурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө манасчы Улуу “Манас” эпосунан үзүндү аткарып, аны менен бирге кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн калыптандырууда, руханий баалуулуктарын бекемдөөдө жана маданий мурастарын сактоодо эпостун ролу жөнүндө баяндап берди.Иш-чарада кызматкерлер   манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүктөрү, анын жаштарды тарбиялоодогу мааниси жана тарыхый эстутумду берүү менен таанышышты.


Иш-чара Президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик ” доктринасы жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана коомдун руханий-маданий өнүгүүсүн күчөтүүгө багытталган.