Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жамааты административдик имараттын айланасын таштандылардан жана куураган чөптөрдөн тазалашты.
Ишембилик 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу максатында жарыяланган жалпы шаардык ишембилик алкагында өткөрүлдү.