Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында ишембиликке чыгышты.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер аймакты ирээтке келтирүү жана жакшыртуу иштерине активдүү катышышты. Ишембиликтин жүрүшүндө терезелер жуулуп, тосмолорду сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар мекеменин аймагында тазалыкты жана тартипти сактоого, ошондой эле ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.








