Бүгүн, 2026-жылдын 29-январында КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектебинде «Ишкердик ишмердүүлүктүн субъекттеринин жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү» деген темада эки күндүк семинар башталды.
Семинарга жергиликтүү соттордун судьялары, прокурорлор жана адвокаттар катышат.
Семинардын биринчи күнүндө юридика илимдеринин кандидаты, Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Эл аралык жана бизнес укугу” кафедрасынын доценти Аленкина Наталья Борисовна лектор болуп, ишкердик ишмердүүлүк жөнүндө түшүнүк, ишкердик ишмердүүлүктүн субъектилери жана ишкердик субъекттерди каттоо, уруксат берүү системасы тууралуу айтып берет.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Джумадилов Улан Джусупбекович ишкердик субъекттеринин жоопкерчилигинин ар кандай түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, ишкердик жана башка экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө жасалган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү маселелерине токтолот.
Окутуунун экинчи күнүндө Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовна лектор болот. Бул күнү катышуучулар жарандык-укуктук деликттерди жана кылмыштарды ажыратуунун айрым мисалдары, зордук-зомбулуктун же коркунучтун таасири астында жасалган бүтүмдү жараксыз деп табуу жана бүтүм жасоого мажбурлоо жана башка ушул сыяктуу темаларды талкуулашат.
Семинардын максаты судьялардын, прокуратура кызматкерлеринин жана адвокаттардын ишкердик субъекттеринин жоопкерчилиги маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу болуп саналат.
Окутуунун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.








