KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Гендердик кылмыштар», «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган адам сатуу жөнүндө иштерди кылмыш куугунтуктоо» темасында эки күндүк тренинг башталды

04 сентября 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү сотторунун судьялары, прокурорлор, адвокаттар жана ИИМ кызматкерлери менен биргеликте эки күндүк тренинг башталды.


Эки күн аралыгында гендердик кылмыштардын жалпы мүнөздөмөсү, жыныстык кол тийбестик жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштардын  түшүнүгү жана түрлөрү, ошондой эле угуучулар адам сатууга байланыштуу кылмыштардын түрлөрү ага байланыштуу кылмыштардын квалификациясын карашат.


Адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык жана улуттук мыйзамдар да каралып, окутуу практикалык көндүмдөр менен коштолот.


Лекторлор КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна, Саатов Таалайбек Джапарович жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам-издөө, тергөө жана алгачкы тергөө иш-чараларына   көзөмөл жүргүзүү  башкы башкармалыгынын улук прокурору Дуйшенбиев Бакыт Эрнисович болот.


Тренингдин максаты адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо, идентификациялоо жана аларга жардам көрсөтүү, адамдарды сатуу жана чектеш кылмыштар жөнүндө иштерди сот тартибинде кароо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, жашы жете электердин жана аялдардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен адамдарды сатуунун курмандыктары менен иштөө принциптерин колдонуу маселелери боюнча маанилүү маалыматтарды берүү болуп саналат. Мындан тышкары, окутуу практикалык иш-аракеттерде материалдык жана процесстик мыйзам ченемдерди туура колдонуу көндүмдөрүн, ошондой эле гендердик зомбулукка байланыштуу кылмыштарды туура квалификациялоону өнүктүрүүгө багытталган.


Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.