Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде судьялар, прокурорлор, адвокатттар, жана сот приставдарына «Сот адилеттигин жүргүзүү процессинде судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын жана сот приставдардын соттук этикети» деген темада тренинг өттү.
Лекторлор отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Лариса Гутниченко, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мадина Давлетбаева, Бишкек шаарынын аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Карлыгач Арыкбаева жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Арзыбек Зикиров болушту.
Теренингдин жүрүшүндө соттук этикет анын түшүнүгү, предмети, соттук этика түшүнүгүнөн айырмасы талкууланды. Ошондой эле, судьялардын, прокурорлордун, адвокатттардын, жана сот приставдарынын соттук этикетти сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Тренингдинмаксатыатаандаштыксот процессининшарттарындаугуучуларда соттукэтикеттинэрежелеринсактообилимдерин жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын жана сот приставдарынын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана талдоо болуп саналат.
Бул тренингжыл сайын катышуучуларда соттук этикет жөнүндө билимдерди калыптандыруу жана аны колдонуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.Окутуунунжүрүшүндөкатышуучуларсоттук этикет түшүнүгүн, анын этика түшүнүгүнөн айырмасын, ошондой эле соттук этикеттин маанисинне көңүл бурушат. Сот өндүрүшүнүн кесипкөй катышуучуларына: судьяларга, прокурорлорго жана адвокаттарга тиешелүү соттук этикеттин талаптарынын мазмунун ачып, ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүүдө тийиштүү тартипти камсыз кылуу боюнча соттук приставдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын түшүндүрүшөт.
Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.








