KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жергиликтүү соттордун судьялары жазык иштери боюнча комплекстүү окуудан өтүштү

20 июня 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде кылмыш-жаза иштери боюнча биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларын Комплекстүү окутуу программасы аяктады.


Окутуу 9-июндан 20-июнга чейин уланып, эки жуманын ичинде кылмыш иштерин кароого байланыштуу ар кандай темаларды камтыды. Аларга, адам укуктарын соттук коргоо: КРнын Эл аралык милдеттенмелери (БУУнун Комитеттеринин сунуштамаларынын мисалында), сотко чейинки өндүрүштөгү соттук контроль, соттук териштирүүнүн жалпы шарттары. кылмыш-жаза иштери боюнча соттук процессти алып баруунун практикалык көндүмдөрү, кылмыш-жаза иштери боюнча соттук экспертизаларды дайындоонун тартиби, соттор тарабынан   укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби, кылмыш-жаза иштери боюнча өкүмдү даярдоо жана башка актуалдуу темалар камтылды.


ЛекторлорЖогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары болушту.


Окуу аяктагандан кийин катышуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүп, окуу курсун  ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алышты.