KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

КР Жогорку сотунун аппаратынын жана жергиликтүү соттордун кызматкерлери үчүн тренинг

26 июня 2025

Бүгүн Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана жергиликтүү сотторунун кызматкерлери үчүн «АИВ инфекциясы бар адамдардын сот адилеттигине жетүүсү: эл аралык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары», «Чечендик өнөр» темасындагы эки күндүк тренинг башталды.


Биринчи күн «АИВ инфекциясы бар адамдардын сот адилеттигине жетүүсү: эл аралык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» темасына арналган. Катышуучулар АИВге байланыштуу кызмат көсөтүүлөргө жетүүдөгү укуктук тоскоолдуктар, Сот органдарынын ишине АИВди алдын алуу жана адам укуктары маселелерин киргизүү. АИВдин  негизги программалары, иш-чаралары жана АИВге каршы коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүн талкуулашат. Лекторлор Сатарова Айнура Мелисовна – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы, Кулжабаев Марат Жусупович – көз карандысыз юрист-эксперт, Садыков Илим – көз карандысыз эксперт, Бакирова Чынара Абдыгуловна — АнтиСПИД ОЮЛ Ассоциациясынын аткаруучу директору, эксперт болушат.


Экинчи күнү катышуучуларга чечендик өнөр боюнча машыктыруучу, философия илимдеринин кандидаты Эгембердиев Талантбек Мураталиевич «Чечендик өнөр» темасында тренер болот. Анда тренер коммуникация көндүмдөрүнүн диагностикалоо, эл алдында сүйлөө жана лидерлик деңгээли, эл алдында жана видеокамера алдында сүйлөө ыкмалары тууралуу айтып берет. Ошондой эле,  үндүн катаалдыгы, сүйлөө ылдамдыгы, сүйлөө чеберчилиги,  келбет, ымдоо, мимика сыяктуу сүйлөө жана вербалдык эмес ыкмаларды практика жүзүндө көрсөтүп берет.


Тренингдин соңунда катышуучулар сурамжылоо баракчаларын толтуруп, андан соң аларга сертификаттар тапшырылат.