KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» «Соттук психология. Коммуникативдик көндүмдөр. Судьялардын стресске туруктуулугу» темасынды жергиликтүү соттордун судьялары үчүн тренинг

12 июня 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк тренинг башталды.


Лекторлор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна, Мусабекова Чынара Абдыбакасовна жана КРСУнун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти, психология илимдеринин кандидаты, милициянын отставкадагы полковниги Токомбаева Айсулу Тарасовна болушат.


Биринчи күн «Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу


жана ага каршы күрөшүү: Кыргызстанда эл аралык стандарттарга карата укуктук жөнгө салуу практикасы» деген тема каралат. Анда, аялдарга карата зомбулуктан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо механизми, кылмыш-жаза сот адилеттигинин чаралары жана өкүм чыгаруу жана укуктук коргоо каражаттары маселелери талкууланат. Окутуу практикалык тапшырмалар менен коштолот.


Бул теманын максаты — жабыр тарткандарга, алардын укуктарына жана алардын кызыкчылыктарына багытталган стандарттарды колдонууга басым жасоо менен Сот адилеттигинин бардык этаптарында аялдарга карата зомбулук жана үй-бүлөлүк-тиричилик зомбулуктары менен күрөшүүгө тиешелүү конкреттүү маселелерди так түшүнүүгө багытталган. Ошондой эле гендер, гендердик стереотиптер, гендердик белгиси боюнча зомбулук, Кыргызстанда зомбулуктун таралышы жана ага болгон мамиле, анын ичинде тарыхый-маданий контексттерде, тиешелүү эл аралык документтерге жана стандарттарга сереп салуу, ошондой эле тренингдин катышуучуларынын зомбулукка карата кабылдоонун жана стереотиптердин өзгөрүшү маселелери да козголот.


Тренингдин экинчи күнүндө «Соттук психология. Коммуникативдик көндүмдөр.


Судьялардын стресске туруктуулугу» темасы каралат. Бул теманын алкагында судьялардын ишмердүүлүгүнүн психологиясы, коммуникативдик көндүмдөр, стресске туруктуулук жана стресстен арылуу ыкмалары маселелери талкууланат. Бул теманын максаты судьянын кесиптик коммуникативдик көндүмдөрүн, сапаттарын, кызматка дайындалгандан кийин пайда болгон психологиялык кыйынчылыктарды, кесиптик деформацияны, сот процессин башкарууну, стресстик абалдарды, судьялардын кесиптик ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген факторлорду жана аларды жеңүү ыкмаларын изилдөө болуп саналат.


 


Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.