Бүгүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде КР жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрдү.
Лектор жазуучу, редактор, журналист Актилек Гүлжигит кызы болду.
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына кирген өзгөртүүлөргө байланыштуу сот отурумдары видеоконференцбайланыш жана онлайн-трансляциялоо ыкмасы аркылуу өткөрүлө баштады.
Аны менен бирге сот отурумдарын онлайн-трансляциялоону киргизүү судьялардан жаңы көндүмдөрдү, анын ичинде камера алдында ишенимдүү жүрүм-турумду, сабаттуу сүйлөөнү жана процесстин катышуучулары менен эл алдында натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Иш жүзүндө, көптөгөн судьялар онлайн- трансляциялоо өткөрүүдө толкунданууга алдырышы мүмкүн.
Ага байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби эл алдында чыгып сүйлөөнүн кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо шарттарында ишенимди жана коммуникациянын сапатын жогорулатууга багытталган «Судьянын коммуникативдик компетенттүүлүгү: сөз, үн жана диалог маданияты» деген темада судьялар үчүн тренинг уюштурду.
Видеоконференцбайланыш — аудио уктурууларды жана видео чагылдыруучу реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыш сеансы, ал эми онлайн-трансляциялоо чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү ыкмасы болуп эсептелинет.
Тренингге Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын жергиликтүү сотторунун 100дөн ашык судьялары катышты. Ушундай эле тренингди Жалал-Абад облусунда Баткен жана Ош облустарынын, ошондой эле Ош шаарынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын катышуусу менен өткөрүү пландаштырылууда.








