КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Террористтик, экстремисттик багыттагы кылмыштар жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү»,
«Мыйзам менен чатагы бар балдарды кылмыш-жаза сот системасынан чыгаруу» темасында тренинг башталды.
Биринчи күнү катышуучулар терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштүн укуктук негиздери, ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык ченемдер жана улуттук мыйзамдар Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык ченемдер жана улуттук мыйзамдар, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакыруу жана расалык, этностук, улуттук, диний же регион аралык кастыкты (араздашууну) козутуу темалары, ошондой эле терроризм жана экстремизм менен байланышкан кылмыш иштерин кароонун өзгөчөлүктөрү карашат.
Лекторлор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Гульнара Дуйшенбекова, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын лингвистикалык жана дин таануу экспертиза башкармалыгынын начальнигинин орун басары Гуля Мураталиева жана КР ЮМ караштуу СЭКтин эксперти Садыбакас уулу Бекназар болмокчу.
Тренинг терроризм жана экстремизмдин негизги түшүнүктөрү, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүнүн принциптери жана механизмдери, террористтик жана экстремисттик багыттагы кылмыштарды квалификациялоо, бул кылмыштардын курамына юридикалык талдоо жүргүзүү, ошондой эле соттук практикада аларды болтурбоо үчүн аталган кылмыштар боюнча укук колдонуу практикасынын көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында уюштурулган.
Экинчи күн балдарга карата кылмыш-жаза иштери боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө жалпы түшүнүгүнө багытталган. Мыйзам менен чатагы бар балдар жасаган кылмыш иштери боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби, күбө же жабырлануучу катары баланы суракка алуунун өзгөчөлүктөрү ошондой эле, айыпталууучу баланын мыйзамдуу өкүлүнүн соттук териштирүүгө катышуусу темалары талкууланат.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчө тартибин пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындоо тартибине, ошондой эле тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга өзгөчө көңүл бурушат.








