Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби КР жергиликтүү сотторунун төрагаларынын орун басарларына жана судьяларына «Сот практикасын жалпылоо» деген темада тренинг өткөрдү.
Лекторлор КР Жогорку сотунун аппрат кызматкерлери Нургуль Алыбаева жана Айгуль Керимкулова болушту.
Тренинг эки күнгө созулуп, анда Соттук практиканы жалпылоону уюштуруу аны өткөрүүнү пландаштыруу, иштердин тематикасын жана категориясын аныктоо, статистикалык маалыматтарды чогултуу, КР Жогорку сотунун Пленумунун ченемдик укуктук актыларын жана токтомдорун тандоо жана жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү темаларын карады.
Ошондой эле, Соттук тажрыйбаны жалпылоону даярдоодо колдонулуучу методика, статистикалык маалыматтарды талдоо, иштин материалдарын изилдөө темасы да талкууланды. Жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоону жүргүзүү методикасынын өзгөчөлүктөрүнө да көңүл бурулду.
Экинчи күнү катышуучалар Сот практикасын жалпылоодо изилденген материалдарды каттоого алуу (фиксациялоо), жыйынтыктоочу документтердин түрлөрү жана жыйынтыктоочу документти түзүү, жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо боюнча жыйынтыктоочу документти түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Сот практикасын жалпылоо темасына байланыштуу башка маселелер да талкууланды.








