KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот системасындагы Санарип кодекси жана жасалма интеллект

29 января 2026

КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде «Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси: негизги принциптери, түзүмү жана сот системасы үчүн мааниси», «Сот системасындагы жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар» аталышында семинар өтүп жатат.


Семинар эки күнгө созулуп, биринчи күнү КР жергиликтүү соттордун судьялары, экинчи күнү КР жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери катышат.


Окуу учурунда катышуучулар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин негизги принциптери жана түзүмү, жарандардын санариптик укуктары жана аларды коргоо механизмдери, Санарип кодексинин сот системасы үчүн мааниси жана колдонуунун практикалык аспектилери ошондой эле, киберкоопсуздук жана маалыматтарды коргоо, сот системасында жасалма интеллекти пайдалануу маселелерин карашат.


Лектор Нарын облустук сотунун судьясы Исаева Айзада Чолпонкуловна болот.


Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.