KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жалал-Абаддагы Сот адилеттик үйүндө сот практикасын жалпылоо боюнча семинар өттү

14 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө «Сот практикасын жалпылоо» деген темада семинар өтткөрдү. Семинар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун жергиликтүү соттору үчүн уюштурулду.


Лекторлор КР Жогорку сотунун аппарат кызматкерлери Нургуль Алыбаева, КР ЖС Пленумунун соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана ишин камсыздоо бөлүмүнүн улук референти Бермет Карагулова жана Жогорку сотунун улук референти Айгул Керимкулова болушту.


Семинардын башында катышуучулар соттук практиканы жалпылоону уюштуруу,  жалпылоону өткөрүүнү пландаштыруу, иштердин тематикасын жана категориясын аныктоо, статистикалык маалыматтарды чогултуу, КР Жогорку сотунун Пленумунун ченемдик укуктук актыларын жана токтомдорун тандоо жана жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү темалары каралды.


Андан соң, соттук тажрыйбаны жалпылоону даярдоодо колдонулуучу методика,  статистикалык маалыматтарды талдоо, иштин материалдарын изилдөө жана жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоону жүргүзүү методикасынын өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.


Семинардын соңунда жалпылоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган сунуштарды даярдоо жана корутундуларды аныктоо, сот практикасын жалпылоонун натыйжаларын ишке ашыруу, жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоонун натыйжалары боюнча корутундуларды жана сунуштарды даярдоо темалары каралды.


Эске салсак, буга чейин ушундай эле семинар Бишкек шаарында Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн өткөрүлгөн.