Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормалары» деген темада тренинг өткөрүлдү.
Лекторлор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мусабекова Чынара Абдыбакасовна жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Алиева Гулькайыр Сакешевна болушту.
Тренинг ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму) жана Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Чынара Абдыбакасовна Кыргыз Республикасынын судьяларынын көз карандысыздык, объективдүүлүк, чынчылдык жана тартип жоопкерчилиги принциптери темаларына токтолду.
Ал эми судья Гүлкайыр Сакешевна этикалык ченемдерди сактоо, теңдик, компетенттүүлүк жана тырышчаактык принциптери темасына токтолду.
Тренингдин максаты жергиликтүү соттордун судьяларын коррупциялык сунуштарды кабыл алуу маселелери, КР Судьясынын ар-намыс кодексин сактоо, тартиптик жосундар үчүн колдонулуучу жаза чараларынын өлчөмү менен тааныштыруу болду.
Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.