Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага байланыштуу соттук отурумду трансляциялоого жол берүү жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталып, сот ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук отурумду телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого уруксат берүүгө укуктуу.
Ушуга байланыштуу,5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 73 жана 74-пункттар менен толукталды:
— видеоконференция байланышы — аудио жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
— трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) — пайдалануучулардын чектелбеген саны үчүн түз эфир режиминде телевидение, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет тармагында маалыматты жайылтуу жана берүү
46-берене 18 пункт менен толукталып, ал телевидение, радио аркылуу жана Интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле 280-берененин 3-бөлүгү; жалпыга аалымдоо каражаттарында же Интернет тармагында онлайн форматта берүү жөнүндө мүмкүнчүлүктү караган 5-пункт менен толукталды.
Мындан сырткары, 290-1-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, сот ишине катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук отурумду телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу. Ал эми, соттук отурумду трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берүү жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 308-берененин 4-1 бөлүгү боюнча соттук отурумду телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоодо (онлайн-трансляциялоодо) соттук отурумдун протоколуна тиешелүү белги коюлат.
Мындай чаралар сот системасынын ачыктыгын камсыз кылууга, сот адилеттигинин принциптерин сактоого жана коомдун соттук процесске болгон ишеничин жогорулатууга багытталган.