Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, ошондой эле Элчиликтин үчүнчү катчысы Мухтерем Өздинчер Акгюн катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Сатыев 1991-жылдын 16-декабрында Түркия Республикасы чет мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын тааныганын белгиледи. Анын айтымында, бул тарыхый чечим кыргыз жана түрк элдеринин ортосундагы терең тарыхый жакындыкты жана бир туугандык мамилелерди тастыктаган.
Жогорку соттун Төрагасы ошондой эле Кыргызстан менен Түркия сот жана укуктук тармактарды кошкондо бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү ырааттуу түрдө чыңдап жатканын айтты.
Тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, эки өлкөнүн судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз уюштуруу, сот адилеттиги тутумуна санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле инвестициялык талаштарды кароодо эл аралык стандарттарды камсыз кылуу маселелери сөз болду.
Мындан тышкары, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Түркиянын Юстиция академиясынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, судьялар корпусунун квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен программаларды өткөрүү жана онлайн-окутууну өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу дагы сөз болду.








