KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жогорку сотто БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору менен жолугушуу өттү

13 мая 2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имаратында КР Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен болгон  жолугушууга Сот адилеттигин Жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов да катышты.


Андан сырткары, иш чарага КР Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жана Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов да катышты. БУУ системасы тарабынан жолугушууга: Борбор Азия боюнча Регионалдык өкүлдүн милдетин аткаруучу/Борбор Азия боюнча Регионалдык өкүлдүн орун басары Эннио Боати, БУУӨП Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман, БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Уулкан Айдарова, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорлор боюнча эл аралык координатору Джордж Абаджян катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сот системасынын, укук үстөмдүгү жана адам укугун коргоо багытында кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты. Ошондой эле сот реформасын ишке ашырууда, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда жана сот тажрыйбасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүдө БУУ тарабынан мындан аркы колдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.


БУУнун өкүлдөрү судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешип, судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, тактап айтканда материалдык-техникалык камсыздоого жана соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу чөйрөсүндө биргелешкен эл аралык практикалык конференцияларды өткөрүүгө багытталган программаларга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.