Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар башталды. Аталган семинар «Кылмыш — жаза процессиндеги медиация», «Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» деген тамаларда уюштурулган.
Катышуучулар биринчи күнү калыбына келтирүүчү медиация жана анын укуктук жана социалдык табиятын, Кыргызстандагы укуктук базасын, ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги калыбына келтирүүчү медиациянын ченемдерин окушат. Андан сырткары, чыр-чатактар социалдык негативдик кесепеттердин булагы катары жана укук бузуулардын контекстин анын түрлөрүн карап чыгышат.
Семинардын экинчи күнүндө угуучуларга баңги каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндө иштер боюнча соттук териштирүү жана далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар тууралуу лекциялар окулат. Мындан тышкары, кылмыш иштерин натыйжалуу иликтөө чаралары талкууланып, практикалык окутуулар өткөрүлөт.
Семинардын лекторлору — Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Курбанова Чинара Джалиловна жана Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна.
Эки күнгө созулган семинардын максаты — баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштар боюнча сот иштерин чечүү практикасын жакшыртуу, бир түрдүү соттук практиканы орнотууга жана анын сапатын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.
Мындан тышкары, семинар катышуучулардын калыбына келтирүүчү медиациянын укуктук жана социалдык табияты, анын ченемдик базасы, конфликттин эскалация стадиялары жана конфликттик кырдаалдардагы жүрүм-турумдун ар кандай стилдери жөнүндө билимин жогорулатууга багытталган.
Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.